Monday, September 26, 2016

Googleдун туулган күнү качан,Googleдун 18-чи туулган күнү

Googleдун туулган күнү качан,Googleдун 18-чи туулган күнү 

Googleдун туулган күнү качан,Googleдун 18-чи туулган күнү
Googleдун туулган күнү качан,Googleдун 18-чи туулган күнү 

Googleдун туулган күнү качан,Googleдун 18-чи туулган күнү


Google Inc. интернетке байланыштуу өндүрүмдөрдү жана кызматтарды: интернетте издөө, булут компутинг, софтвейр жана жарнаманы камсыздаган америкалык эл аралык корпорация. Компаниянын олжосунун дээрлик бардыгын AdWords жарнама кызматынан түшкөн киреше түзөт.[2]

Компания Ларри Пейж жана Сергей Брин тарабынан алар Стэнфорд университетинде окуп жүрүшкөн учурда түзүлгөн. С. Брин менен Л. Пейж биргеликте компаниянын 16 пайызына ээлик кылышат. Google жабык менчик компания катары 1998 ж. Аяк Оонасынын 4 күнү катталаган. 2004 ж. 19 Баш Оонасында алгачкы ачык сунуштоо (IPO) өнөктөштүгү жүргүзүлүп баштаган. Башында компаниянын түпкү максаты "дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды жалпы жеткиликтүү жана пайдалуу кылып уюштуруу" - деп аныкталган[3]. Компаниянын бейрасмий урааны - "Тажаал болбо". 2006 ж. компаниянын башкы кеңсеси Калифорниянын Маунтин Вю шаарына көчөт.

Уюшулгандан учурдан башталган ылдам өнүгүү компаниянын өзөгү болгон желеде издөө машинасынына байланышкан жаңы кызматтарды жаратууга, сатып алууларды жүргүзүүгө жана шериктештиктерди түзүүгө алып келген. Компания интернетте колдоно турган электрондук кат, кеңсе программаларынын топтомдорун жана социалдык желелер кызматтарын сунуштайт. "Google" желени сыдыруу, сүрөттөрдү уюштуруу жана оңдоо, ошондой эле заматта баарлашуу үчүн алмашы сыяктуу жергиликтүү аткарылуучу колдонмолорду да сунуштайт. Google Android мобилдик операциондук системасын, браузерге негизделген Google Chrome OS операциондук системасын өнүктүрүүдө да алдыңкы орунду ээлейт жана Chromebook нетбуктар үчүн атайын операциондук системаны түзгөн.

Google дүйнөнүн чар тарабында жайгашкан миллиондон ашык серверлерди иштетет, күн сайын колдонуучулардын миллиарддан ашык издөө талаптарын жана алар жараткан 24 петабайтын тегерегиндеги маалыматтарды тейлейт.

2009 жылдын Аяк Оонасында Alexa рейтингинде АКШ тейлөөгө багытталган google.com Интернеттеги эң көп адам кирген конуш катары таанылган. "Google"дун эл аралык багытта иштеген жана ал ээлик кылган YouTube, Blogger жана Orkut.[32] сыяктуу көптөгөн кызматтар эң көп талап кылынуучу жүз конуштун тизмесине кирет. BrandZ тарабынан түзүүчү брэнддердин рейтингдик маалымат корунда Google экинчи орунду ээлейт. "Google"дун кызматтарынын доменддер мейкиндигиндеги алдыңкы орундарды ээлеши компанияны автордук укук, жеке жашоо купуясы жана цензура темаларынын тегерегинде сын-пикирлерди жаратып келет.

read more: https://ky.wikipedia.org/wiki/Google_(%D0%BA%D0%BE%D0%BC%D0%BF%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D1%8F)

No comments:

Post a Comment